Иран 32 өлкөнүн жарандары үчүн визаларды жойду

Автор

Иран өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан баш болгон 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарууну чечти.
«Туризм министрлигинин айрым өлкөлөр үчүн визаларды жоюу сунушу өкмөт тарабынан жактырылды. Визаны бир тараптуу алып салуу бүгүн өкмөттүн жыйынында жактырылды. Ислам Республикасы дүйнөнүн ар тарабынан келген адамдарга эшигин ачып, биздин өлкөгө оңой зыярат кылуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө даяр экендигин көрсөттү»,-деди Ирандын Туризм министрлигинин башчысы Эззатолла Заргами журналисттерге билдирди.
Министр визалык режимдин жоюлушу Иранда туризмди өнүктүрүүнүн жаңы доорун ачат деп үмүттөнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде 3 миң үй-бүлө көмүр менен камсыздалды

Баткен облусунда 3 миң үй-бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна. Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк 74% көмүр менен камсыздалган. Тагыраагы […]

Сизге жагышы мүмкүн