Баткенде 3 миң үй-бүлө көмүр менен камсыздалды

Автор

Баткен облусунда 3 миң үй-бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк 74% көмүр менен камсыздалган. Тагыраагы 72 миң 465 тонна көмүр ташылган.
Бул багытта облустун район-шаар, айыл өкмөттөрү көмүр кендери менен түзгөн келишимдердин алкагында элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында, жер жерлерге көмүр жеткирүү иштерин жүргүзүп келет.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облус боюнча 2 миң 994 аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 1 миң 660 тонна көмүр акысыз жана эң арзан баада берилди.
Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен президенттин Баткен облусундагы өкулчүлүгү биргеликте калктын аярлуу катмарына жана чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга тоннасы 5 миң сомдон болгон Сүлүктү кендеринин көмүрү жеткирилүүдө.
Бүгүнкү күнгө “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте облус калкына 1000 тонна көмүр жеткирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Агрардык өнөр жайды өнүктүрүүгө 43,1 млрд сом бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 43,1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн тамак-аштын беш түрү менен толук камсыздай алат. “Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө. 60тан ашык ишкана ишке киргизилип, 7,7 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү. Үч […]

Сизге жагышы мүмкүн