Ирандын президенти Израилди коркутту

Автор

Ирандын президенти Эбрахим Раиси өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата кайрылуусунда Израилди Тегеранга каршы багытталган кандайдыр бир аракеттерге “катуу жооп” берерин эскертти.
“Өлкөгө (Иранга) каршы жасалган ар кандай иш-аракеттер куралдуу күчтөрдүн катаал реакциясын жаратат. Хайфа менен Тель-Авивди талкалоо менен коштолот”,-деди президент.
Мындан тышкары, Ирандын президенти АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагынан чыгып кетүүнү талап кылды.
Белгиленгендей, Раисинин билдирүүлөрү Израиль Холокостту эскерүү күнүн белгилеп жаткан 18-апрелде, премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сөзүнөн кийин жасалган. Ал Иерусалимде Холокосттун курмандыктарын эскерүү аземинде “Ислам Республикасын нацисттик Германиянын заманбап эквиваленти”,-деп атаган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада оюндары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

2024-жылга белгиленген Париж Олимпиада оюндары өлкөдөгү баш аламандыктардын айынан үзгүлтүккө учурашы  мүмкүн. Чет элдик спорт кабар агенттиктеринин маалыматына караганада Францияда Олимпиадага каршы кыймыл күч алды. Оюндардын үзгүлтүккө учурашына президент Эммануэль Макрон баштаган пенсия реформасы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Митингчилер Олимпиаданы бийликке кысым көрсөтүү рычагы катары колдонушу мүмкүн. Акциянын катышуучулары […]

Сизге жагышы мүмкүн