Дубайда нөшөрдөн улам көчөлөрдү суу каптады

Автор

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катуу жамгыр жаады. Дубайда жаратылыш кырсыгынан улам көчөлөрдү жана трассаларды суу каптады. Шаардын эл аралык аэропорту учактарды 25 мүнөт бою кабыл алган жок.
Аэропорттун администрациясынын маалыматы боюнча, жалпысынан 45 каттам токтотулган. Эл аэропорттун имаратына кире албай калган.
Билим берүү мекемелери жабылып, көптөгөн жумушчулар аралыктан окуу режимине которулду. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы шаар тургундарына үйдө болууну жана сыртка чыкпону сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 16-апрелде саат 19:29да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер титирөө Нура, Икизак, […]

Сизге жагышы мүмкүн