Иордания төрт тараптуу саммитти жокко чыгарды

Автор

Иордания Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча 18-октябрга белгиленген төрт тараптуу саммитти жокко чыгарганын өлкөнүн тышкы иштер министри Айман ас-Сафадиге шилтеме берүү менен Al-Jazeera телеканалы билдирди.
Жолугушууга АКШнын президенти Жо Байден, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Египеттин президенти Абдель-Фаттах ас-Сиси жана Палестинанын башчысы Махмуд Аббас катышмак.
Иорданиянын тышкы иштер министринин айтымында, мындай чечим Палестина, Египет жана АКШ менен кеңешкенден кийин кабыл алынган.
Буга чейин Махмуд Аббас саммитке катышуудан баш тарткан.  Муну Газа тилкесиндеги ооруканага кол салууга каршылык иретинде жасаганы кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Атазовдун маанилүү маселеси кийинкиге калды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөгү жол кыймылындагы кырсыктар боюнча маселени  бүгүн, 18-октябрдагы парламенттин  жалпы жыйынына алып чыкты. Ал башкы МАИни чакырып, ушул багытта суроо-жооп уюштурууну жана кырсыктын алдын алуу чараларын талкулоону сунуштады. “Карап көрсөк, кырсыктардан улам 3-4 адам бир эле мезгилде көз жумуп жатат, бул элибиз үчүн чоң жоготуу. […]

Сизге жагышы мүмкүн