Байден менен Зеленский сүйлөштү

Автор

АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү.   Ак сарайдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  эки тарап Украинаны Россиянын агрессиясынан коргоо үчүн колдоо маселесин талкуулаганы белгиленген.
Байден АКШнын Украинага чексиз колдоосун дагы бир жолу кайталады жана АКШнын Украинага коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.
Трюдо менен да жолугушту.
Байдендин Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен да телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылды.
Россиядагы болуп жаткан окуялардын негизинде союздаштар жана өнөктөштөр менен тыгыз координациялоонун бир бөлүгү экени белгиленип, лидерлердин Украинаны колдой турганын ырастаганы белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 […]

Сизге жагышы мүмкүн