Дүйнөлүк жүрөк күнү: Кардиология борборунда ачык эшик күндөрү өтөт

Автор

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү “Ар бир жүрөк маанилүү” урааны астында Ачык эшик күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат. Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат, ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Кытай 150 млн долларды түзгөн келишимдерге кол коюшту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Чет элдик ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү […]

Сизге жагышы мүмкүн