“Ош облустук бийлигинде кландык башкаруу орун алып жатат”,- деп билдирди коомдук активист Мирлан Орозбаев. Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директорлугунан Ош облусунун губернаторлугуна дайындалган Элчибек Жантаев түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары Зарлык Тургунбаевди губернатор болуп келгенден кийин кайра өзүнө орун басарлыкка дайындаган. Учурда облусттун бардык иштери Зарлык Тургунбаев аркылуу чечилип жатканын айтты. Ал УКМК төрагасына кайрылып, “Ноокаттын жолун көзөмөлүңүзгө алгандай эле Ош облус бийлигине да көз кырыңызды салбасаңыз болбойт. Анткени, айыл өкмөткө жарабагандар мэр, аким болуп, чоңоюп кетишиптир”,- деди.