АКШнын президентин коркуткан адамды атышты

Автор

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу социалдык тармактарда президентти жана өлкөнүн башка жогорку кызмат адамдарын бир нече жолу коркуткан америкалыкка көңүл бурду. Бюронун кызматкерлери тинтүүгө келгенден кийин ал атып өлтүрүлгөн.
Юта штатынын Прово шаарында жашаган америкалык Крейг Робертсон Жо Байденге, Камала Харриске жана бир нече прокурорго карата социалдык тармактарда коркутууларды жарыялаган.
FOX13 телеканалы ФБРдин сапары учурунда Крейгдин кошунасы тартканы болжолдонгон видеону жарыялады.
Кадрларда бир нече укук коргоо кызматкерлери үйдүн ичинде белгисиз адам менен катуу үн чыгарып сүйлөшүп жатканы, бир нече секунддан кийин ок атылганы угулат. Учурда кандай жагдайда ок атылганы изилденип жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 1-сентябрына чейин унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Аталган долбоорду Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырышууда. ИИМден билдиришкендей, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, анда ал ишин андан ары уланта берет. Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин […]

Сизге жагышы мүмкүн