Израиль Газа тилкесинде ок атышуу токтогонун четке какты

Автор

Израиль Газа тилкесинин түштүгүндө гуманитардык жардам жеткирүү жана чет элдик жарандардын чыгып кетиши үчүн ок атышпоо келишиминин киргизилгенин четке какты. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө айтылды.
Тараптар Газа тилкесинин түштүк бөлүгүндө саат 9:00дөн тарта ок атышпоо боюнча макулдашканын мурдараак “Al Arabiya” телеканалы жана “Reuters” кабарлаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Баходир Ахмедов менен жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууда 2023-жылдын 9-11-ноябрь Кыргызстандын Өзбекстанда маданият күндөрүн өткөрүү, анын алкагында өтө турган иш-чараларды жана ага көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн