Израилдин өкүлү БУУда сары жылдыз тагынды

Автор

Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Гилад Эрдан Коопсуздук кеңешинин жыйынында Холокост маалында еврейлер тагынган сары жылдызчаны тагынды. Эрдан БУУнун Коопсуздук Кеңеши Хамастын аракеттерин айыптаганга чейин Израил өкүлдөрү бул жылдыздарды тагынарын түшүндүрдү.
Ал ХАМАСтын мүчөлөрүн улутчулдар менен салыштырып, топтун чабуулунан 1,4 миңден ашуун израилдик жайкын тургундар көз жумганын эске салды. БУУнун Коопсуздук Кеңеши жаңжал башталгандан бери алардын аракеттерин айыптабаганын айткан дипломат Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Освенцим концлагеринде көз жумган туугандары тууралуу айтты.
«Кээ бир мүчө-өлкөлөр акыркы 80 жыл ичинде эч нерсе үйрөнүшкөн жок, кээ бирлериңер бул орган эмне үчүн түзүлгөнүн унутуп калдыңар.
Ушул күндөн баштап мени караган сайын, жамандыктын алдында унчукпоо эмне экенин эстейсиңер. Мен жана миллиондогон еврейлердин чоң ата-чоң энелери сыяктуу, мындан ары мен жана менин командам сары жылдыздарды тагынабыз»,-деди Эрдан.
Туруктуу өкүлдөн кийин Израилдин делегациясынын башка мүчөлөрү сары жылдызча тагышты.
Сары жылдыз же Лата фашисттик Германияда жана Холокост учурунда анын көзөмөлүндөгү аймактарда еврейлер тагынууга милдеттүү болгон өзгөчө белги болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси 8-жолу "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алды

“Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси France Football журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилген “Алтын топ” сыйлыгын сегизинчи жолу жеңип алды. Салтанат Париждеги Шателет театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе («Пари Сен-Жермен») жана Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») кирди. 2023-жылдын августунан бери аргентиналык америкалык “Интер […]

Сизге жагышы мүмкүн