Кыргызстанда  күйүүчү-майлоочу май жетиштүү

Автор

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар тартыш эмес. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.

Маалыматка  ылайык, 2023-жылы 21-сентябрда Россияда ички рынокту турукташтыруу үчүн бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизген.

«Бирок, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешеси жок. Дизель майынын баасы жайдан бери көп жолу өзгөрүлдү. Эксперттер дизель майына болгон баанын өсүшүн «көмүскө» эксперттоо менен байланыштырышууда. Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматы боюнча, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% арзандады»,-деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

“Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланды. Шарттары

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги   Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу ЖАЛПЫ ЖОБО Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын […]

Сизге жагышы мүмкүн