Кыргызстандын айрым райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Автор

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылдыз Муслимова: "Чындык жылаңач калса да, ал өзүн сактап калат"

“Сизге кажыбас кайрат каалайм, бул азыр сизге аябай керек”,- деди белгилүү журналист Жылдыз Муслимова депутат Адахан Мадумаровго. ” Эми баш канжыгада. Чындык учурда жылаңач турганы менен ал өзүн өзү сактап калат. Бирок, кырчылдашкан мезгилде улам алмаз же, жапондордун кылычы сыяктуу бир отко, бир сууга түшкөндөй курчуңуз. Кандай болгондо да, данышмандык […]

Сизге жагышы мүмкүн