Зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Автор

Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-апрелге карата Жалал-Абад облусунда 2 270 гектар аянтта зыяндуу чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, чегиртке таркалган аянт облус боюнча 1340 гектарды түздү. Анын ичинен төмөнкү аянттарда чегирткенин личинкаларынын чыгышы аныкталган:
Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагында — 590 гектар;
Базар-Коргон району, Сейдикум айыл аймагы, Олжобай-Ата участкасында — 200 гектар;
Базар-Коргон шаарына караштуу Падачы-Ата участкасында — 300 гектар;
Ноокен району, Бургөндү-Достук айыл аймагында — 250 гектар.
Зыяндуу чегирткелердин айыл чарба эгиндерине зыян келтирүүсүн болтурбоо иш-чараларын өз убагында жана ыкчам жүргүзүү үчүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин пепартаментинин адистери тарабынан тиешелүү атайын техникалар, керектүү күйүүчү-майлоочу майлар жана пестициддер даярдалып, таркалган 1340 га аянттын ичинен 440 гектарда химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Коргонууга чыгашалар жогорку көрсөткүчкө жетти

Глобалдык коргонуу чыгымдары 2023-жылы 2,5 триллион долларга же тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Стокгольм тынчтыкты изилдөө институту билдирди. Чыгымдар эң көп Европада, Азияда жана Жакынкы Чыгышта өскөн. Алдыңкы он өлкөнүн катарына АКШ, Кытай, Россия, Индия, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Германия, Украина, Франция жана Япония кирди. Маалыматта тенденциянын тогузунчу […]

Сизге жагышы мүмкүн