Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Автор

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу Муфтияттын сайттында жазылууда.

Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат.

Сынакка катышууну каалгандар 25-октябрдан 13-июлга чейин Бишкек шаары, Жибек жолу көчөсү, 264/3 дарегиндеги (Имам Сарахси борбордук мечитинин артында) муфтияттын кеңсесине же muftiyat.hajj@mail.ru электрондук дарегине арыз-кайрылуу калтырууга тийиш. Кызыккан суроолорго жоопторду (0778) 90-06-01 номуру аркылуу алса болот.

Тандоо туру 14-ноябрда саат 10:00дө муфтият кеңсесинин жыйындар залында өтөт.

Авиакомпанияларга коюлган талаптар менен кеңири muftiyat.kg сайтынан тааныша аласыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Бейрутта Хезболла, Хамас лидерлери жолугушту

Ливандын “Хезболла” тобунун лидери Хасан Насралла Бейрутта палестиналык “Хамас” жана “Ислам жихады” топторунун лидерлери менен жолугушканын Reuters агенттиги ливандык “Аль-Манар” телеканалынын кабарына таянып билдирди. Телеканал кабарлагандай, жолугушууда өзгөчө Газа тилкесинде “каршылык көрсөтүүнүн чыныгы жеңишине жетишүү үчүн” эмне кылуу керектиги талкууланды. Эл аралык аренадагы позициялар жана тараптар эмне кылышы керектиги боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн