Зеленский ATACMS ракеталары колдонулганын ырастады

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарда аскерлери америкалык ATACMS алыс аралыкка учуучу ракеталарын колдонгонун тастыктады.
“Жардам бергендердин баарына рахмат! АКШга өзгөчө рахмат. Президент Байден менен биздин келишимдер аткарылып жатат. Алар абдан так аткарылып жатат. ATACMS өзүн актады”,-деп жазды өзүнүн расмий Telegram каналында.
“The Wall Street Journal” өз булактарына таянып, АКШ акыркы бир нече күндө Украинага жашыруун түрдө “аз сандагы ракеталарды” жөнөткөнүн кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, шейшембиге караган түнү украин аскерлери Луганск жана Бердянск шаарларындагы эки аэродромго чабуул жасоо үчүн алыскы аралыкка учуучу АTACMS ракеталарын колдонушкан.
ATACMS бир нече ракеталык системалардан учурулган максималдуу 300 чакырым аралыкка жетүүчү ракета.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте беш жерде 4700 сомдон  көмүр сатылууда. Даректери

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулду. Көмүр вагондор жана оор жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2-сентябрдан баштап күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр ташылып келүүдө. Бишкектин тургундары 4700 сомдон сатылып жаткан көмүрдү төмөндөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн