Зеленский Польшанын Украина менен мамилеси тууралуу айтты

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Польша менен болгон дипломатиялык жаңжал боюнча түшүндүрмө берди.

«Биз эч кандай саясий учурлардын украин жана поляк элдеринин ортосундагы мамилелерди бузуусуна жол бербейбиз. Элдерибиздин эркиндиги жана жыргалчылыгы, жалпы душманды жеңүү баарынан жогору»,-деп жазды Твиттерде.

«Украина өзүнүн эркиндиги жана бүткүл Европанын эркиндиги үчүн күрөшүп жатат жана биз жардам берген ар бир элге ыраазыбыз. Биз менен бирге Европанын чыныгы калканы болуп калган Польшанын тарыхый колдоосун  жогору баалайбыз»,-деди ал.

1-августта Украинанын Тышкы иштер министрлиги Польшанын бул өлкөдөгү элчиси Бартош Цихоцкийди Польша президентинин өкүлү Марчин Пшыдачтын  Киев тууралуу сын билдирүүсүнөн улам чакырган. Пшыдач “Украина соңку  жылдарда Польшанын Украина үчүн ойногон ролун баалай башташы керек” деди. Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский поляк-украин мамилелеринде бир катар кыйынчылыктар бар экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети-Өгүздө кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өттү

Кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакирдин Рысовдун байгесине арналган республикалык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спорттук иш-чара 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өтүп, ага бардык аймактардан келген 88 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар […]

Сизге жагышы мүмкүн