Зеленский коопсуздук кепилдигин берүүгө макул болгон 12 өлкөнү атады

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Киев менен “коопсуздук кепилдиктерин” берүү боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин билдирген 12 өлкөнү атады.
Анын айтымында, булар Бельгия, Дания, Ирландия, Исландия, Испания, Норвегия, Голландия, Португалия, Румыния, Финляндия, Чехия жана Швеция.
Алар «Вильнюс декларациясына» кошулушту. Эми ар бир мамлекет менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу керек.
«Ушул жумада биз эки тараптуу келишимдердин үстүнөн иштей баштайбыз жана биз менен иштешкен биринчи мамлекет бул АКШ»,-деди Зеленский.
G7 өлкөлөрүнүн лидерлери НАТОнун Вильнюста июлда өткөн саммитинде Украинага коопсуздук кепилдигин берүү боюнча декларацияга кол коюшкан. Документке ылайык, Чоң жетиликтин” ар бир өлкөсү “конкреттүү узак мөөнөттүү милдеттенмелерди чечүү үчүн Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 4-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6  сомдон  болсо, сатуу  88.0 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.7708 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн