Доор адамы Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак

Автор

Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артисти жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо, бүгүн 85 жашка толмок.
Ал 1939-жылдын 13-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган.
Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүрүп, 70 чакты даректүү тасмаларды тарткан. Алардын ичинде “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасма бар. Кыргыз элинин таланттуу уулу 2008-жылдын 28-майында 69 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Өлгөндөн кийин 2010-жылы ага Кыргыз Эл Баатыры наамы берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-түрк бизнес форумда 1 млрд сомдук келишимдерге кол коюлду

Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдон ашык суммага экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде: «Дан Агро Продактс» менен «Башан Агро Гида Сан» ЖЧКсынын ортосунда Түркияга 4,6 млн АКШ долларына буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ve Tic […]

Сизге жагышы мүмкүн