Жазуучулар союзунун төрагалыгына Каныбек Иманалиев шайланды

Автор

Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мындай чечим Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайында кабыл алынды.
Төрагалыкка төрт адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар:
– КР Эл акыны Жедигер Саалаев;
– КР Эл акыны Кожогелди Кулуев;
– акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев;
– акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров.
“Бирикменин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды”, – деп кабарлашты бирикмеден.
Белгилей кетсек, Улуттук жазуучулар союзун 2019-жылдан бери Нурлан Калыбеков жетектеп келди.

Бөлүшүү:
Next Post

ЕБ ирандык ракеталарды, учкучсуз учактарды өндүрүүчүлөргө санкцияларды киргизди

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Евробиримдиктин Люксембургдагы кеңешмесинде Европа өлкөлөрү Иранга каршы жаңы санкциялар боюнча консенсуска жетишкенин билдирди. Анын айтымында, Брюссель ирандык ракеталарды жана учкучсуз учактарды өндүрүүчүлөргө каршы санкцияларды киргизүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн