“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын республикалык этабы башталды

Автор

Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы “Мыкты мугалим”, “Мыкты тарбиячы” жана “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим” наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республикалык деңгээлдеги сынактын 1-турунун ачылыш аземине Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.

Республикалык этап эки баскычты камтыйт, анда облустук этаптын жеңүүчүлөрү сынактык сабактарды сунуштайт, тесттик тапшырмаларды аткарып, педагогикалык чеберчилик боюнча бетачарды тартуулап, педагогикалык кырдаалды чечүү боюнча тренингдерге катышышат.

Сынактын республикалык этабын салтанаттуу жыйынтыктоо 5-октябрда саат 12:30да “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Армениянын парламенти Эл аралык кылмыш сотунун келишимин ратификациялады

Армениянын парламенти Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Рим статутун ратификациялады. Ага 60 депутат “макул”, 22 депутат “каршы” добуш берди. Документке жакын арада өлкөнүн президенти Ваган Хачатрян кол коюшу керек. Эгерде ал жактырса, долбоор мамлекеттик ички процедуралар аяктагандан кийин 60 күндөн кийин күчүнө кирет. Армения 1999-жылы Рим статутуна кол койгон, бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн