Дүйнөдө кардын көлөмү азайды

Автор

Америка Кошмо Штаттарынын Дартмут колледжинин изилдөөчүлөрү 40 жылдын ичинде дүйнөдө кардын калыңдыгы бир топ азайганын айтып чыкты. Мындай көрүнүш чыгыш жана борбордук Европада жана АКШнын түштүк-батышында байкалат. Алардын айтымында ар бир 10 жылда кардын көлөмү 10-20 пайызга азаят.
Анормалдуу эрүүнүн себеби – климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарын үнөмдүү эмес пайдалануу. Окумуштуулар кышкы орточо температура минус 8 градустан жогору болгондо кардын эриши тездей турганын аныкташкан.
Адистер Түндүк жарым шардагы 160 дарыя бассейнинен алынган маалыматтарды талдап чыгышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Эмил Жамгырчиев комитет жыйынына катышууда

Депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынына катышып жатат. Жыйында эл өкүлү кесиптештерине кайрылып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын жана алдын ала сындоодон алыс болуусун суранып кетти. Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. […]

Сизге жагышы мүмкүн