Жо Байден менен Си Цзиньпин аскердик байланышты калыбына келтирүүнү макулдашты

Автор

ЖМКлар Байден менен Си Цзиньпиндин Сан-Францискодогу жолугушуусунун алгачкы жыйынтыктарын жарыялоодо. Тараптар түз аскердик байланыштарды калыбына келтирүүнү макулдашты.
“Үзгүлтүккө учураган жана түшүнбөстүктөр болуп кетсе эмне болушу мүмкүн деген кооптонуу болгон түз аскердик байланыштарды кайра баштоо абдан маанилүү”,-деди Байден маалымат жыйынында. Мамлекет башчылары Украина жана Газадагы кырдаалды да талкуулашкан, бирок бул темадагы сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыкташкан жок. “Төрага Си экөөбүз аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмаштык”,-деди Байден журналисттерге айткандарына.
Тайвань тууралуу сөз кылып жатып, АКШ лидери Америка “бир Кытай” саясаты боюнча келишимдерди карманарын кошумчалады.
Ошол эле учурда Си Цзиньпин Тайвань маселесин кытай-америкалык мамилелердеги “эң чоң жана эң коркунучтуу” бут тосуу деп атап, АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды.
Мындан тышкары, Кытай президенти АКШнын санкцияларына жана Вашингтондун технология тармагындагы чектөөлөрүнө тынчсыздануусун билдирди. Өз кезегинде Жо Байден Си Цзиньпинди Иранга болгон таасирин колдонууга чакырды. АКШ башчысы Тегерандын ХАМАС менен Израилдин ортосундагы чыр-чатакка кийлигишүүдөн кооптонуп жатканын кошумчалады.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Аалымдар кеңеши никаб жана сакал коюу боюнча үн катты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын бетти жапкан кийимге (никаб) жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору боюнча билдирүү таратты. Билдирүүгө ылайык, шариятта никаб (паранжа) парз эмес. Хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына […]

Сизге жагышы мүмкүн