Жогорку Сот экс-премьер-министрди бошотууну буюрду

Автор

Пакистандын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Имран Хандын камалышын мыйзамсыз деп тапты.
Чечимде сот саясатчыны токтоосуз бошотулушу керектиги көрсөтүлгөн.
Бир күн мурда Пакистандын соту Ханды сегиз күнгө камоо чечимин чыгарган. Андан кийин өлкөдө массалык нааразылык акциялары башталып, укук коргоо кызматкерлери 2 миңден ашык адамды кармашкан.
Буга чейин Ханга карата бир катар кылмыш иштери козголгон. Тактап айтканда, ал чет элдик лидерлерден белек алып, андан жалпысынан 630 миң долларга жакын киреше тапкан деп шектелген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан күтүүсүздөн  кетти

Кыргызстан улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гулжигит Алыкулов  алматалык “Кайрат” клубунан кетти. Бул тууралуу  клубдун расмий сайтында  кабарлады. Маалыматка ылайык, кыргыз футболчусу менен келишим тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулган. Алыкулов “Кайраттын” курамына 2020-жылы кошулган. Алматылык клуб менен футболчу Казакстан чемпионатын жана өлкө кубогун уткан. Ошондой эле, УЕФА Конференция лигасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн