Жогорку Кеңеш өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорун четке какты

Автор

Бүгүн, 21-январдагы парламенттин отурумунда депутаттар өкмөт сунуштаган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырган жок.
Мыйзам долбооруна 71 депутат “каршы” деген добушун берди.
Депутат Айбек Осмонов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын чектеген мыйзам долбооруна каршы чыгып, “андай болсо, жергиликтүү кеңештерди жоюп салалы”,- деди. Айрым эл өкүлдөрү бул башмыйзамга каршы келээрин айтышты.
Өткөн жумада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитет бул документти колдоого алган. Мыйзам долбоору эгер кабыл алынып калса, анда Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктары берилмек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБи кубаттуулукту көбөйтүүдө

Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310 мегаватты түзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө. “Бүгүн кечкиге чейин ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу дагы көтөрүлөт”, — дешти министрликтен. Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. […]

Сизге жагышы мүмкүн