Жер титирөөдөн кийин жанар тоо атылды

Автор

Исландиянын түштүк-батышындагы Рейкьянес жарым аралында жекшемби, 14-январь күнү эртең менен жанар тоо атыла баштады. Аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди.
Гриндавик шаарына жакын жерде жанар тоонун атылышынын алдында бир катар майда жер титирөөлөр болгон. Адистердин айтымында, лава шаарды көздөй агып, азыртан эле турак жайлардан 450 метр алыстыкта ​​турат.
Жарым-жартылай жарыксыз калган Гриндавик шаарынын тургундары эвакуацияланды.
Исландияда 33 активдүү жанар тоо системасы бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, 11-12-январь күндөрү министр университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн