Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

Автор

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, 11-12-январь күндөрү министр университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Ошондой эле министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашты. Андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты.
Инөнү университети 700 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, ал эми университеттин клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири. Доктор Ахмет Кызылай клиникада жылына 300-350дөй боор алмаштыруу операциясы жасаларын айтты. Клиника 1500 орунга ылайыкташып, 4,5 миңден ашык медициналык кызматкер эмгектенет.
Жолугушууда Алымкадыр Бейшеналиев дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири деп эсептелген университетке түрк кесиптештеринин органдарды трансплантациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен таанышуу үчүн келгендигин белгиледи. «Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстанда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан боор жана жилик чучугун алмаштыруу маселесин тез арада чечүү боюнча милдеттенме койду. Кыргыз элинин ден соолугун чыңдоого, медициналык тейлөөгө жана органдарды трансплантациялоо тармагындагы дарыгерлерибиздин билим деңгээлин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн боордош Түркия элине, Түркия өкмөтүнө, Сизге жана сиздин университетиңизге терең ыраазычылык билдирем», — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Өз кезегинде доктор Ахмет Кызылай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган боордош Кыргызстанга трансплантология кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди. «Биз сиздерге трансплантология бөлүмүнүн ишин уюштурууга, адистерди окутууга жана Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даярбыз», — деп белгиледи доктор Ахмет Кызылай.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселе боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышып, университет менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогу: Эртең "Ак шумкарлар" Таиланд курамасы менен беттешет

Эртең, 16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун “F” тайпасында “Таиланд-Кыргызстан” беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул тапта Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында “Ак шумкарлар” өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн