Жерлерди басып алгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү

Автор

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

 

Документ жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

 

Мыйзам менен айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу сыяктуу жаза дайындоо каралган.

 

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда жерлерди өз билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүүгө жол бербөө, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө милдети коюлду.

 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Макронго адамдын кесилген манжасы жөнөтүлдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Париждеги расмий резиденциясына белгисиз адамдар адам манжасы менен кат жөнөтүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык, Елисей сарайынын кат алышуу бөлүмү катты 9-10-июлда почта аркылуу алган. Конвертте адамдын кесилген манжасы болгон. Окуя салттуу түрдө 14-июлда белгиленүүчү Бастилияны алуу күнү улуттук майрамынын алдында болду. Бармакты […]

Сизге жагышы мүмкүн