Жаш кезде далай кыздарды сүйгөн

Автор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун “айрым мүлктөрүн 2-аялына каттатып койгон”,- деген айыптоосуна жооп кайтарды. Ал бир эле аял менен жашаарын, бирок, жаш кезде далай кыздарды сүйүп жүргөнүн, керек болсо, ошол депутаттар деле жаш кыздарды жакшы көрүп жүрүшкөнүн айткан.
“Ал бирөө деп туура эмес айтып атат. Мен мектепте 3-4 кызды сүйсөм, студент кезде 6-7 кызды жакшы көргөмүн. Кийин 15 кызга чейин сүйүп жүргөмүн. Ушунча болуптур, ошолордун баарын айтып чыкса, болмок экен. Мындайча айтканда, ал эркек эмес экен да”,- деген министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Тагдырды издөө жөнүндө

Бир кездерде китеп дүкөнү өрттөнүп , бир гана кол жазма сакталып калыптыр. Көп жылдар боюу китеп дүкөнүнө үңүлүп, ага эч ким көңүл бурган эмес. Кийин дүкөндүн ээси алмашат. Ал түрмөктөрдү, китептерди, кол жазмаларды иреттеп, керексиз нерселерден арыла баштайт. Анан эски кол жазманы ыргытып жиберет. Ал кокусунан өтүп бара жаткан бир […]

Сизге жагышы мүмкүн