Элдик курултайда тууну өзгөртүү маселеси көтөрүлдү

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.
Учурда аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгып, ой-сунуштарын айтышууда.
Курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын белгиледи.
“Туу жөнүндө 1-2 ооз сөз айтып коеюн. Туу 1992-жылы кабыл алынган жылдан бери ар кандай талкуулар болуп “бул күндүн нурубу же күн карамабы” деген ойлор айтылып келген. Жогорку Кеңеш бул маселени терең изилдеп чечим кабыл алат деп ишенем”, – деди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызамык оорусу катталган учур 3000 пайызга өстү

2023-жылдын январынан 5-декабрына чейин Европада жана Борбордук Азияда кызамык оорусунун 30 601 учуру катталды. Бул көрсөткүч 2022-жылы 909 болгон. ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, оорулардын саны 3,266 пайызга көбөйгөн. Иммунитеттин алсыздыгынан аймакта оорулардын саны өсө берери күтүлүп жатканын ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Регина Де Доминичис билдирди. Анын айтымында, кызамык менен […]

Сизге жагышы мүмкүн