Жарасул  Абдураимов камакка алынышы мүмкүн

Автор

“Сиз тез аранын ичинде максатсыз колдонгон каражаттарды ордуна коюп коюңуз. Болбосо, түрмөгө отурасыз. Түрмө сизди күтүп, зарыгып турат”,- деди депутат Жеңишбек Токторбаева “Кыргызиндустрия”  мамлекеттик ишканасынын президенти Жарасул Абдураимовге.

“Мамлекеттин, элдин акчасын казынага кайтарышыңыз керек. Мына, сиз жетектеген мамлекеттик ишканада 1 президент, 4 вице – президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи жана 1 жардамчы бар экен. Болгону 65 киши иштеген ишканада олчойгон айлыктарды коюп алыпсыңар. Сиздин айлыгыңыз 177.000 сом, вицелериңиз болсо, 130.000 сомдон алышат экен. Кеңешчилериңиз 120.000, жардамчыңыз 90.000 сомдон айлык алышат. Уят эмеспи”,- деди депутат таң калганын жашыралбай.

Белгилүү болгондой, “Кыргызиндустрия”  мамлекеттик ишканасы 1.5 жылдын ичинде 843 млн 543 миң сом каражат короткон. Бирок, бир тыйын киреше киргизген эмес. Мамлекеттен алган 1 млрд сомдун 843 млн 543 миң сомун 19 ишканага бөлүп берген. 54 млн 870 миң сомду “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине айлык иретинде таркатылып берилген. Казынадан берилген 1 млрд сом максатсыз колдонулганы, ишкана 300 млн сом карызга батып, кызматкерлер 3 айдан бери айлык алалбай жатканы айтылды. Депутат Жеңишбек Токторбаев муну Акылбек Жапаровдун кезектеги фантастикалык кыялы же, ишке ашпаган планы деп баалады. “Урматтуу Жарасул Абдураимович, табакташ, чөнтөктөштөрүңүз менен жок кылган акчаларды ордуна коюп, арыз жазып кетиңиз. Иштей албайсыз, анын үстүнө пенсия курагындагы адам экенсиз. Андан көрө Алайга барып, кымыз ичип жатыңыз”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Макгрегор UFC рекордун коюуга убада берди

Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер, эки салмак категориясы боюнча Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) мурдагы  чемпиону Конор Макгрегор  жаңы рекорд коюуга убада берди. Атактуу мушкер Мэтт Браун менен Курт МакГинин беттешине реакция жасады. Беттеш UFC on ABC 4 турниринин алкагында өткөн. «42 жаштагы Мэтт Браун UFCде 13 нокаут менен эң көп […]

Сизге жагышы мүмкүн