Макгрегор UFC рекордун коюуга убада берди

Wp Pw
0 0
Read Time:28 Second

Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер, эки салмак категориясы боюнча Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) мурдагы  чемпиону Конор Макгрегор  жаңы рекорд коюуга убада берди.

Атактуу мушкер Мэтт Браун менен Курт МакГинин беттешине реакция жасады. Беттеш UFC on ABC 4 турниринин алкагында өткөн. «42 жаштагы Мэтт Браун UFCде 13 нокаут менен эң көп нокаут алган. Ал жана Деррик Льюис теңдештирди. Азыр 34 жашымда UFCде сегиз жолу нокаут алдым. Мен бул рекордду жаңылайм», — деп жазды Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Конор Макгрегор акыркы беттешин 2021-жылдын июль айында өткөрүп, Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалы расмий ачылды

Ош шаарынын борбордук аянтында Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, маданият, маалымат, спорт жана жашатр саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, […]