Жапаров «Сапаттын» окуучусун олимпиададагы жеңиши үчүн акчалай сыйлады

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев бул олимпиадада күмүш медаль тагынган.

Акылбек Жапаров маалыматтык технологияларды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, “Биздин мектеп окуучулары дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн катышкан 355 окуучунун ичинен эң жакшы жетишкендиктерин көрсөтүштү. Балдардын байгелүү орундарга ээ болушу – бул Жогорку технологиялар паркынын ачылышы жана колдоосу өлкөдө анын ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өсүшү жана популярдуулугу үчүн күчтүү түрткү болгонун тастыктайт”, — деген Акылбек Жапаров кыргыз командасынын мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушунда машыктыруучулардын өзгөчө ролун белгиледи.

Андан кийин сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоочу мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларынын сертификаты, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң доллардын сертификаты ыйгарылды.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү.  1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил […]

Сизге жагышы мүмкүн