Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду

Автор

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.
«Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт», — деди ал.
Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

— паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

— орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

— ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

— талапка туура келген электрондук сүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылы 50 миң борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөн

АКШнын Монтана штатынын сенатору Стив Дэйнс 2023-жылы 50 миңден ашуун борбор азиялыктар АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнүн билдирди. Чек арадагы мигранттар кризиси боюнча Стив Дэйнс АКШнын президенти Жо Байденге кат жазып, аны чара көрүүгө үндөдү. АКШда башпаанек сурап жаткандарга көз салган коммерциялык эмес “Transaction Records Analysis Center” уюмунун маалыматы […]

Сизге жагышы мүмкүн