Титан батискафынын калдыктары табылды

Автор

Титаникти көрүү үчүн жолго чыккан Титан батискафынын калдыктары табылды. Түзүм суунун катуу басымынан жарылганы  айтылууда. Андагы 5 адамдын сөөгүн издөө иштери уланууда.
АКШнын Жээк коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, батискафтын сыныктары чөгүп кеткен Титаниктен 200 метр аралыкта табылган.    Экипаждын курамында британиялык миллиардер Хамиш Хардинг,  француз ардагери Поль-Анри Наржеол, Титаникке экскурсияларды уюштурган америкалык компаниянын негиздөөчүсү Стоктон Раш , пакистандык бизнесмен Шахзада Давуд жана анын уулу болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет

Кыргызстандагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдындагы  отурумда алгач Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү маселеси каралды. Документке ылайык 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилет. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн