Дүйнө чемпионатында биринчи жолу хиджаб кийген футболчу ойноду

Автор

ФИФАнын Аялдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда  Марокко курама командасынын  оюнчусу Нухайла Бензина хиджаб менен беттешке чыкты. Бул кадамы менен  спортчу Дүйнө чемпионатында хиджаб кийген  тарыхтагы  биринчи футболчу айым болуп калды.

Эске сала кетсек, футболчуларга диний себептерден улам баш кийим кийүүгө Эл аралык футбол федерациясы 2014-жылы уруксат берген, бирок дүйнөлүк чемпионаттарда буга чейин мындай көрүнүштөр болгон эмес.

Марокко курама командасынын коргоочусу тайпалык баскычтын 2-турунда Түштүк Кореядан келген атаандаштары менен беттешүүнү толугу менен өткөрүп, Африка курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Бирок Бензинина эффективдүү аракеттери менен айырмаланган жок, бирок 81-мүнөттө орой оюн көрсөткөнү үчүн эскертүү алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Антарктидада дарбыз өстүрүштү

Россиянын уюлду изилдөөчүлөрү Антарктидада кыштын ортосунда жайдын чыныгы даамын сезе алышты. Окумуштуулар биринчи жолу дарбызды муздуу континенттин катаал шартында өстүрүштү. Апрель айынын башында «Восток» станциясында күнөсканага бир нече эрте бышуучу сорттор отургузулган, андан кийин өсүмдүктөрдү кол менен чаңдаштыруу боюнча иш жүргөн. Ал эми июлда түшүм жыйнай алышкан. Жемиштер даамы жана […]

Сизге жагышы мүмкүн