Антарктидада дарбыз өстүрүштү

Автор

Россиянын уюлду изилдөөчүлөрү Антарктидада кыштын ортосунда жайдын чыныгы даамын сезе алышты. Окумуштуулар биринчи жолу дарбызды муздуу континенттин катаал шартында өстүрүштү.
Апрель айынын башында «Восток» станциясында күнөсканага бир нече эрте бышуучу сорттор отургузулган, андан кийин өсүмдүктөрдү кол менен чаңдаштыруу боюнча иш жүргөн. Ал эми июлда түшүм жыйнай алышкан. Жемиштер даамы жана жыты боюнча адаттагыдан эч кандай айырмаланган эмес.
Окумуштуулар Антарктидада дарбыз эле эмес, бадыраң, карагат, кулпунай отургузууга аракет кылышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 1 – августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6  сомдон  болсо, сатуу  87.95 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.7069 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн