Дүйнөлүк футбол ардагерлери арасындагы чемпионат өтөт

Автор

Англияда өтө турган 35 жаштан жогорку футболчулар арасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мелдешке сегиз команда катышат
Легендарлуу оюнчулар катыша турган мелдешке 35 жаштан жогорку курактагы жана өз улуттук курама командасында ойногон же клубдук чемпионаттын жогорку дивизионунда кеминде 100 оюн өткөргөндөр гана мелдешке катыша алышат.
Ардагерлер арасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионатка Бразилия, Англия, Аргентина, Франция, Германия, Италия, Испания жана Уругвайдын титулдуу курама командалары катышат.
Апта ичинде англиялык ареналардын биринде 70 мүнөттүк жети беттеш өткөрүү пландалууда. Уюштуруучулар жайдын башында мелдештерге мурдагы футбол жылдыздарын чогултууну көздөшүүдө.
Турнир 4 жана 5-июндагы чейрек финалдык оюндар менен башталат. Жарым финал 8-июнда, финал 11-июнда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

13-февралга карата аба ырайы

13-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн