Жеңиш Жоробеков жол коопсуздугу боюнча башкармалыкты жетектейт

Автор

Жеңиш Жоробеков Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
29-февралда Азамат Исраилов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчылыгынан кетти. Ал бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Болот Мамбетовдун сөөгүн алып келүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик жана саясий ишмер Болот Мамбетовдун сөөгүн алып келүү үчүн Президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 29-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтты. Ал “Ысык-Көл эли ушундай маселе көтөрүп жатат. Кезегинде Исхак Раззаковдун сөөгүн да алып келгенбиз. Эми бул кишини да, ал жерге таштабасак”,- […]

Сизге жагышы мүмкүн