Депутат эне тилинде сүйлөбөгөн чиновникти какты

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановду суроолорго орусча жооп бергени үчүн кагып, эскертүү берди. “Сиз орусча сүйлөсөм эле кыйын көрүнөм деп ойлойсузбу? Маселен, депутат Чыңгыз Айдарбеков мен билгенден 5 тил билет, жөнөкөй болуп, кыргызча эле сүйлөп отурат. Биз сизге өткөн комитет жыйынында да эскертүү бергенбиз”,- деди уяткарып. Депутат кыргыз тил мыйзамы кабыл алынганын чиновниктин эсине салды.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар бир күндүк эмгек акысын палестина элине которот

Депутаттар бир күндүк эмгек акысын палестина элине материалдык жардам катары которот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандыгын парламенттин  басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ЖК депутаттары бир күндүк эмгек акысын Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан палестина элине материалдык жардам катары которот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн