Мектепке электрондук каттоо: 1-класска 123 миң 178 бала кабыл алынды

Автор

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 16-августка карата 1-класска 123 миң 178 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 66,1% түзөт. Дагы 63 миң 66 бош орун бар.

 

Аймактар боюнча алганда:

 

— Бишкек шаарында жалпы 20 миң 741 квота болсо, анын 17 миң 550 бала кабыл алынды;

— Жалал-Абад облусунда жалпы 36 миң 525 квота болсо, анын 23 миң 586на бала кабыл алынды;

— Чүй облусунда жалпы 30 миң 786 квота болсо, анын 19 миң 515не бала кабыл алынды;

— Ош облусунда жалпы 40 миң 434 квота болсо, анын 24 миң 7не бала кабыл алынды;

— Ысык-Көл облусунда жалпы 14 миң 900 квота болсо, анын 9 миң 140на бала кабыл алынды;

— Баткен облусунда жалпы 16 миң 835 квота болсо, анын 11 миң 738не бала кабыл алынды;

— Талас облусунда жалпы 7 миң 198 квота болсо, анын 4 миң 885не бала кабыл алынды;

— Нарын облусунда жалпы 7 миң 536 квота болсо, анын 5 миң 148не бала кабыл алынды;

— Ош шаарында жалпы 11 миң 289 квота болсо, анын 7 миң 609на бала кабыл алынды.

 

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги орточо маяна 44 миң сомду түздү

Быйыл июнь айында Бишкекте орточо айлык акы 44 миң 73 сомду (499,3 доллар) түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Маалыматка ылайык, орточо айлык акы Астанада 1028,6 долларды, Москвада 1578 долларды, Минскиде 875,1 долларды түздү. “Июль айында ЕАЭБдин башка борборлоруна караганда Бишкекте сатып алуу жөндүмү төмөн болгон. Бул орточо айлык […]

Сизге жагышы мүмкүн