Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 7,5 миң сомду түздү

Автор

2023-жылы өлкөдө орточо жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 7%га көтөрүлдү.
“Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму айына 8 миң 579 сомду, пенсия курагындагылардыкы 6 миң 816 сомду, балдардыкы 6 миң 544 сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 2023-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда – 7 миң 931 сом, ал эми эң төмөнкү жашоо минимуму Талас облусунда – 7 миң 130 сом болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу кар көчкүдөн тазаланууда

Бүгүн, 16-январда эртең менен Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №26 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жүргузүлдү. Эскерте кетсек, 16 январь түнкү саат 03:00 чамасында бул унаа жолго кар көчкү түшүп, унаалардын бардык түрүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн