16-мартта күн жылыйт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-6, күндүз +4…+9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +7…+9 градус жылуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев Казакстандын гербин өзгөртүүнү сунуштады

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын гербин өзгөртүүнү сунуштады. Анын айтымында, азыркы гербди кабыл алуу өтө кыйын. Анда «эклектизм жана совет доорунун белгилери бар». “Талкуунун жүрүшүндө бир катар эксперттер жана коомдук активисттер мамлекеттик символдордун бүтүндөй системасын жаңылоо зарылдыгын айтышты. Көк түстөгү желегибиз стилистикалык жактан кынтыксыз жана эң негизгиси өлкөбүздүн өзгөчөлүгүн жана идеалдарын […]

Сизге жагышы мүмкүн