Депутат атасы жөнүндөгү чындыкты айтты

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев атасына тагылган каймана аттын чоо жайын айтып берди. Ал “милициянын мурдагы кызматкери Аваз Абдаимов аттуу жарандын жакындары атам жөнүндө туура эмес сөздөрдү чыгарып алышкан. Алар биздин шайлоодогу оппоненттерибиз болушат. Учурда 3 жылдан бери качып жүрөт, өзү издөөдө”,- деди депутат. Чыңгыз Ажибаев билдиргендей, өткөн жумада кармалып, камакка алынган Баткен облусунун губернаторунун кеңешчиси Талант Мамытовду тукурган жана ушул жолго түрткөн Аваз Абдраимов болгон. “Издөөдө жүрсө да, фейк акаунттар аркылуу бизди каралап жүрөт. Андай эле таза экен качып жүрбөй келип, актыгын далилдебейби”,- дейт ал. Эскерте кетсек, УКМК өткөн ишемби күнү “Дед Хасан жана прокурор” аттуу каймана аты бар Ильяскожо Ажибаев аттуу жаранды кылтакка илген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы болуп чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Эдил Байсалов Муфтияттын имараты тууралуу үн катты

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өлкөдөн качып кеткен экс-бажычы Раимбек Матраимовдун каражатына курулган Муфтияттын имараты боюнча комментарий берди. “Мен азирети муфтийге айткамын, Раимбек Матраимовду баатыр кылып, динге жолотпош керек деп. Ал муфтияттын жаңы имаратын куруп жаткан жок, аны президент курдурду. Анткени, ал элдин акчасын уурдаган болчу. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн