Депутат Айбек Осмоновдун чындыгы

Автор

Кечээ айрым ММКлар депутат Айбек Осмонов боюнча жалган маалымат таратып, аны өлкөдөн чыгып кетти деп жазып чыгышты. Маалым болгондой, депутаттын тарапташтары соцтармактар аркылуу жооп кайтарышып, маалыматты төгүндөштү. Ал эми Маданбек Таалайбек аттуу ФБ колдонуучу
“достор, Айбек Осмоновту жакындан тааныган адам катары социалдык түйүндөрдө ар кандай фейктердин жазгандарына бир аз болсо да, маалымат берип койоюн дедим. Ал ден соолугуна байланыштуу жылда сыртка барып дарыланып жүрөт. Азыркы тапта дагы, ден соолугуна байланыштуу сыртта дарыланып жатат.
Былтыр дагы, мурдагы жылы дагы сыртка барып дарыланып келген. Учурдан пайдаланып, саясий нукка буруунун кажети жок”,- деп жазды.
Кыргызстанда Раим Матраимовдун мафиясы менен катуу күрөш жүрүп жатканда учурдан пайдалангысы келген кээ бир саясий өнөктөштөр депутат Айбек Осмоновго карата каралоо компаниясын жүргүзүп жатышканы айтылууда.
Арийне, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын Айбек Осмонов түптөп, бирок, кийинчерээк ага-ини Матраимовдорго тарттырып жибергени, “Ыйман Нуру” партиясы менен шайлоого аттанаарда ал жерде да куугунтукка кабылганы кыргыз коомчулугуна кеңири маалым болгон. Бул боюнча “Азаттык” радиосунун 18-сентябрь 2020-жылдагы санында белгилүү журналист Али Токтакунов

«Мекеним Кыргызстан» основали братья Айбек и Нурбек Осмоновы. Айбек Осмонов до весны 2020 года выступал от имени партии. Но перед регистрацией партий в Центризбиркоме в качестве участников предстоящих парламентских выборов он возглавил партию «Ыйман Нуру». И тогда среди общественности стали распространяться разговоры о том, что «Мекеним Кыргызстан» у братьев Осмоновых отобрали.
Но позже Осмонов заявил, что подвергся давлению, покинув и партию «Ыйман Нуру». Некоторые члены партии заявили тогда, что ее руководство запугивает «руководивший таможней» человек. Во время теледебатов на государственном телеканале ОТРК 16 сентября представитель «Ыйман Нуру» Шумкарбек Адилбек уулу сказал об этом еще более открыто:

‒ Были гонения. Давление было со стороны Райымбека Матраимова. После этого Айбек мырза покинул нашу партию”,- деген маалыматын жарыялаган.

Өлкөбүздөгү белдүү басылма делген “Азаттык” радиосундагы бул макала Айбек Осмонов боюнча айтылган туура эмес маалыматтарга жана жалган, жалааларга жарык боло алат.
Ал эми Factcheck.kg сайтынын 2021-жылдын 17-июнундагы санында журналист Елена Короткова

“Айбек Осмонов так же известен как основатель партии «Мекеним Кыргызстан». За нее проголосовали 24% избирателей, пришедших на парламентские выборы 2020 года. Весной 2020 года Осмонов покинул ее”,- деген маалыматын берет.
Журналист Елена Короткова Бишкек “СЭЗдин” мурдагы директору Кудрет Тайчабаровго таянып, мындай деп жазган.

“Перед выборами партия перешла к клану Матраимовых и их соратникам. О том, что это произошло, рассказал в интервью «Азаттыку» журналист Кудрет Тайчабаров. По его словам, политобъединение у Осмонова отобрали силой — якобы сначала ему предложили деньги, а после и вовсе припугнули криминалом. Обе упоминаемых стороны истории не стали публично опровергать или подтверждать то, что рассказал Тайчабаров”.

Белдүү журналисттердин келтирген далилдери Айбек Осмонов менен Раим Матраимовдун мамилеси жок экенин ачыктан ачык жарыялап турат. Мындан улам адилеттүүлүк үчүн айтып коюучу жагдай, депутат катары кайсы бир жыйындарда же, ачылыштарда раст келе жолугушуп калуу нормалдуу көрүнүш. Аны кур жалаанын боёгу катары колдонуу жигиттикке жатпайт. Ишкер, меценат, саясий ишмер катары Айбек Осмоновду эл билет!

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга […]

Сизге жагышы мүмкүн