15-апрелден тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баткен округунан 10 талапкер, Ош округунан 14, Кара-Суу шайлоо округунан 11 талапкер бар.
28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмеси бекитилген, ага 350 миңге жакын шайлоочу катталган, тизме 198 тилкеге илинген.