Дагестанда эл аэропортто учакты курчоого алды

Автор

Дагестандын башчысы Сергей Меликов Махачкала аэропортундагы окуяларга катышкан тополоңчуларды айыптады.
Telegram каналындагы билдирүүсүндө аэропортко кол салууга катышкандардын аракетин одоно мыйзам бузуу деп атады. “Аэропортко кирүүгө, бейтааныш адамдардын чөнтөгүнө кол салып, паспортун текшерүүгө аракет кылууда намыс жок! Чет өлкөдө дарыланган балалуу аялдарга кол салууда эч кандай жакшы ниет жок»,-деп жазган Меликов.
29-октябрда Дагестандын борбору Махачкалада Израилге каршы демонстранттар аэропортту тосуп, Тель-Авивден учуп келген учакты курчоого алышты. Окуя болгон жерге атайын күчтөр келишкен.
Бул окуядан кийин Россия Федерациясынын Тергөө комитети массалык баш аламандык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча башкармалыгы Махачкала аэропортундагы тополоңдун бардык катышуучулары кармалып, жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.
Ал арада Федералдык аба транспорту агенттиги Махачкала аэропорту 6-ноябрга чейин жабыла турганын билдирди. Бардык каттамдар башка шаарларга жылдырылды. Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram каналы окуянын кесепетинен 10 адам жабыркаганын кабарлады.
Полиция кызматкерлери жана карапайым калк арасында орточо жана оор жоготуулар болду. Эки адамдын абалы өтө оор»,-деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө. Дагы 10 адам медициналык жардам сурап, бирок ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Көгүлтүр отко карыздардын газ түтүкчөлөрү кыркылды

Ошто жаратылыш газына болгон карыздарын төлөбөгөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылды. Шаардык ГАЗ билдиргендей, айрым абоненттердин төлөмдөрү 50 миң сомдон ашкан. Эми көгүлтүр отко болгон карыздар төлөнбөсө, сот аркылуу төлөтүү иш аракети жүрөт. Ош шаары боюнча абоненттердин карызы 16 млн сомдон ашкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн