Океанда жоголгон “Титандын” сыныктары табылды

Автор

Түндүк Атлантика океанында жоголгон “Титан” түзүмүнүн сыныктары табылганын АКШнын Жээк коопсуздук кызматы билдирди.
Алар Титаник кыйраган аймакты издөөгө алган суу астындагы унаа тарабынан табылган. Сыныктар Титанга таандыкпы же жокпу белгисиз.
Эксперттер алынган маалыматка баа берип, кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышууда.
Буга чейин куткаруучулар кычкылтектин запасы түгөнүп бараткандыктан чечүүчү баскычка өткөнүн билдиришкен.
Бейшембиде АКШнын Жээк коопсуздук кызматы куткаруу операциясын дагы 10 кеме жана бир нече суу астындагы кайыктарды камтыгандай кеңейтти.
АКШ менен Канаданын согуштук учактары, Жээк коопсуздук кемелери жана суу астындагы роботтору катышкан операцияда белгилер байкалган жерге топтолду. Француз илимий-изилдөө кемеси L’Atalante издөө үчүн керектүү тереңдикте иштей ала турган дүйнөдөгү жалгыз Victor 6000 робот суу астындагы унаасын жеткирди. Адистердин айтымында, “Титан” ваннасы 4000 метр тереңдикке чөгүп кетиши мүмкүн. Титанда беш адам болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

 "Кыргызфармация" ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.   Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык […]

Сизге жагышы мүмкүн