Иран Нооруз майрамына даярданууда

Автор

Ирандын жашоочулары Жаңы жыл майрамы – Ноорузга даярданууда. Майрамдык дасторконго таттууларды, кургатылган жемиштерди сатып алышат. Тамак-аштан тышкары тирүү балык дасторкондун негизги жасалгасы болуп эсептелет. Алар түбөлүк жашоону билдирет.
Иранда Жаңы жыл салттуу түрдө 13 күн майрамдалат. Бул убакыттын ичинде сабактар токтойт. Адамдар бири-бирине конокко барышат.
Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кудрет Тайчабаров жаңы кызматка барды

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты. Кудрет Тайчабаров 2020-жылы ноябрда «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жетекчи болгон. 2023-жылы январда өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин билдирген. Туризмди өнүктүрүү фондун 2023-жылдын июль айынан бери Абылкасым Шерниязов жетектеп жаткан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн