Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курамасы эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту

Автор

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Россиянын Казань шаарында 2-5-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 12 мамлекеттен келген спортчулар катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

 

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

 

  • Нурданбек Курманбек уулу (57 кг);
  • Толубай Шүкүров (62 кг);
  • Калысбек Каюмов (68 кг);
  • Молдобек Муратбек уулу (75 кг);
  • Мыктыбек Өмүрзак уулу (82 кг);
  • Болотбек Туратов (90 кг);
  • Сыймык Чубак уулу (100 кг);
  • Тилек Куралов (+100 кг).

 

Курам Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

7-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 7-ноябрда өлкө аймактарында жаан чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,   […]

Сизге жагышы мүмкүн